Бүгүн Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары иш ташташты. Ал арада таксисттер бааны кескин көтөрүп жиберишти. Бул тууралуу күбө билдирди.
“Таксиге буйрутма берүү дээрлик мүмкүн эмес, буйрутмалар кабыл алынбайт. Ошентип, ЦУМдан шлагбаумга чейин барыш үчүн алар 300-400 сом алышууда. Аялдамаларга адамдар толуп кетти “, – деп жазган ал.
Буга чейин Бишкек шаарында каттамга чыккан маршурттук унаанын айдоочуларынын айрымдары бүгүнкаттамга чыкпай калганы маалымдалган.