Бүгүн, 2-июнга караган суткада Кыргызстанда дагы 358 адам COVID-19 (коронавирус жана пневмония) менен каттоого алынды.
Алар:
– Бишкек шаарында 163 адам;
– Ош шаарында 64 адам;
– Чүй облусунда 64 адам;
– Ош облусунда 19 адам;
– Талас облусунда 2 адам;
– Нарын облусунда 3 адам;
– Ысык-Көл облусунда 20 адам;
– Жалал-Абад облусунда 18 адам;
– Баткен облусунда 5 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 105 469 адамга коронавирус жуккан.