Бишкекте эки унаа кагышты (Сүрөт)

192

Коомдук транспорттордун  каттамга чыкпай калышынан улам, борбор калаада тыгындар пайда болду. Натыйжада,  борбор калаанын жолдорунда жол кырсыктары болууда. Шаардыктар күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттыгына карабастан, жумушка жеке унаалары менен барууга аргасыз болушууда. Ошол эле учурда, тыгындын айынан жол эрежесин сактаган адамдар да аз.

Мындай кырсыктардын бири Правда жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Бул тууралуу күбө билдирди.

Маалыматка ылайык, “Мазда” менен “Мерседес” үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Жабыркагандар  жок. Учурда Патрулдук милиция жеринде иштеп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь