Сары-Челек жолдорунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ДЭУ-12 ишканасы Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу менен биргеликте жолдор кеңейтилүүдө.
Жалал-Абад облусундагы “Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругу Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири болуп эсептелет. Ал 1959-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен жергиликтүү өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн.