Бишкек мэриясы Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 автобус алынып келинерин билдирди

667

Бишкек мэриясы 1-июлга чейин шаарга Өзбекстанда чыгарылган жапониялык ISUZU автобустары келерин кабарлады. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, 4-июнда шаар башкармалыгында “ЭкоЖүргүнчү ташуу” ишканасы менен макулдашууга кол коюлду.

Ага ылайык, быйылкы жылдын соңуна чейин аталган ишкана Бишкекке Өзбекстандын «СамАвто» заводунда өндүрүлгөн жапониялык ISUZU маркасындагы газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келет. 1-июлга чейин автобустардын биринчи партиясы келери белгилүү болду, бирок канчоо экени так айтыла элек.

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу үч күндөн бери уланууда. Алар шаар бийлигинен жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылып жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь