Бүгүн, 4-июнда дагы Бишкек шаарындагы кичи автобустар каттамга чыккан жок. Аялдамаларда адамдардын көптүгү байкалууда.
Борбор калаадагы бир катар транспорттук компаниялардын айдоочулары 2-3-июнь күндөрү каттамга чыгуудан баш тартышты. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Буга чейин жол кире 10 сом болчу.