Президенттин бир тууганынын атын жамынып, ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды (Сүрөт)

294
Президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атынан жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.», президент Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 250 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү Казакстандын аймагында жайгашкан “M.T.A.” аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды.
Аталган факт боюнча КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Алдамчылык”) фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
3-июнда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.».кармалды. Кармалган «А.М.Б.» КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь