Бүгүн, 4-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектен Ош облусундагы Чоң-Алай районуна жөнөп кетти. Бул кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу, деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турарын бүгүн, 4-июнда эртең менен УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген болчу.