Бишкекте коомдук транспортто уурулук кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, автобустан телефон уурдаган белгисиз жарандын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене “уурулук” менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектелип 1988-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ошондой эле шектүү жарандын мурда соттолгону белгилүү болду.
