Айрым маршурттук таксилер тарифтерин уруксатсыз 15 сомго чейин көтөрүп жиберишкен, бул мыйзамсыз чечим. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын сайтында маалымдалды.
Ошондой эле, бул фактылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартылаарын белгиленди.
“Урматтуу жарандар, эгер сиз маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан тарифтердин жогорулагандыгына күбө болсоңуз, анда видео фактыларды тартып вотсап номерине жөнөтүңүз: 0554 182 185”, – деп билдиришти мэриядан.