Таксисттер менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр чыгып, аягы мушташка барган. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирип, социалдык тармактарга видео жүктөдү.
Күбөнүн айтымында алгач эки таксинин жүргүнчүлөрү чырды башташкан, андан кийин айдоочулар аларга кошулуп соңу мушташка чейин барган.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарында катталган.
Эскерте кетсек, Бишкекте 2-июндан бери маршурттук таксилердин айдоочулары иш таштап, жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда.
Натыйжада айрым шаар тургундары такси кызматына муктаж болгон учурда, таксинин айдоочулары жол кире акысын 300-400 сомго чейин жогорулатып жиберишкенин айтып чыгышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram