Кыргызстанда бүгүн, 5-июнга караган суткада дагы 413 адамдын анализинин жыйынтыгынан COVID-19 (коронавирус менен пневмония) аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Алар:
– Бишкек шаарында 157 адам;
– Ош шаарында 51 адам;
– Чүй облусунда 98 адам;
– Ош облусунда 41 адам;
– Ысык-Көл облусунда 24 адам;
– Жалал-Абад облусунда 24 адам;
– Нарын облусунда 6 адам;
– Баткен облусунда 8 адам;
– Талас облусунда 4 адам;
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 106 миң 636 адамга коронавирус жукту.