Күнүмдүк архивдер 07.06.2021

Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул  тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын...

Өмүрбек Бабанов камактан кайрылуу жолдоду

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жолдоду. Бабанов өзүнө карата соттук териштирүүлөр жабык өткөнүн сындап, аудио жана...

Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Исабеков Самат Сатарович КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 7-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол...

Чоң Чүй каналынан эки адамдын жансыз денеси табылды (Сүрөт)

Кечээ, 6-июнда Лебединовка айылында Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 7-июнда билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, куткаруучулар келгенден...

Бишкекте COVID-19дан каза тапкан медкызматкерлерге эстелик орнотулмай болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу...

Футбол: Кыргызстан Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди

Жапониянын Осака шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Беттештин жалгыз голун монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди. 7-июнда Кыргызстан менен Монголиянын футбол...

Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн. Карыяев 6-июнда 79 кг салмак категориясында күч сынашкан. Бул...

Садыр Жапаров: “Мамлекет ар бир жаранга квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылууга милдеттүү”

Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек. Мындай пикирин президент...
video

“Жумушка күндө арак ичип мас болуп келет”. Президент Чүй облустук сотунун төрагасын сынга алды...

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынынын соңунда кызуу болуп кабинетине кире албай жаткан чиновниктин...
video

“Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?”. Ош шаарында үгүт иштери башталып кеткен (Видео)

Ош шаарында, 11-июлда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоодо, үгүт иштери белгиленген датадан мурда башталып кеткен. Бул тууралуу окурман кабарлап, тастыктоочу видео-сүрөттөр менен бөлүштү. Күбөнүн...

Бишкек мэриясынын бухгалтери УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды (Сүрөт)

УКМК кызматкерине Бишкек шаарынын мэриясынын бухгалтери пара берүү иш аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында,...
video

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (Видео)

Бишкек шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде Жигули...

Садыр Жапаров финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз...

Куудул Рахман Разыков дүйнө салды

Белгилүү куудул Рахман Разыков 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты. Маалыматты кесиптештери ырасташты. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында туулган. Студент...