Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (Видео)

167

Бишкек шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде Жигули үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт саат 14:32де чектөөгө алынып, 14:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь