“Жумушка күндө арак ичип мас болуп келет”. Президент Чүй облустук сотунун төрагасын сынга алды (Видео)

509

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынынын соңунда кызуу болуп кабинетине кире албай жаткан чиновниктин видеосу көрсөтүлдү.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айтты.

“Биз бир топ убакыттан бери мыйзамдарды, кодекстерди иштеп чыгып жаңы конституцияга ылайык келтирели, реформаларды жүргүзөлү, сот системасында адилеттүүлүктү мыйзамдуулукту орнотолу деп жатабыз. Ушундай сотторубуз өзүлөрү оңолбосо, реформаны мындай соттор менен жасай албайбыз . Килейген бир бардык областты караган жогорку соттун төрагасы күндө жумушка арак ичип, ушинтип келет экен”, – деп билдирди өлкө башчы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь