Белгилүү куудул Рахман Разыков 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты. Маалыматты кесиптештери ырасташты.
Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында туулган. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, “Таң жылдызы” деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир” топторун түзгөн.