Пакистандын Гхотки шаарында поезд кырсыгынын кесепетинен көз жумгандардын саны 60 адамга жетти. Жүздөн ашык адам жаракат алганын жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн, 8-июнда өлкөнүн Темир жол транспорту министрлигине шилтеме берүү менен жарыялады.
Кечээ бул кырсыктан 36 жүргүнчү көз жумганы маалымдалган. Темир жолдогу кызматкердин маалыматы боюнча, 7-июнда Саргодха шаарын көздөй бара жаткан «Sir Syed Express» «Millat Express» менен сүзүшкөн. Чоң кырсыктан кийин бул аймакта темир жолдогу кыймыл убактылуу токтотулду.