Өзбекстанда Эверест чокусун багындырган альпинистке президенттин атынан унаа берилди

325
Өзбекстанда Эверест чокусун багындырган альпинист Сергей Денисенко «Өзбекстандын сыймыгы» ардак наамы менен сыйланып, андан тышкары президент Шавкат Мирзиеевдин атынан автоунаа белекке берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өзбек басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Денисенко Эверестке 1-июнда чыгып, аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнаган.
Белгилей кетсек, май айында кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырган. Ал мекенине 5-июнда келген. Эдуард Кубатов — дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь