Анара Мамбеталиева Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы болду

6 618

Анара Мамбеталиева Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Анара Мамбеталиева билдирди.

“Декреттик өргүүдө жүрүп, тыныгуу алган соң кызматыма кайра кайтып келдим. Кошумчалай кетсем, жыл башында кезектеги подполковник наамы жана КРнын Мамлекеттик 2-даражадагы кеңешчи чинин алдым.

Бүгүнкү күндөн тарта кызматым Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинде уланат. Тагыраак айтканда, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан которулуу жолу менен Басма-сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалдым”, – деп билдирди Мамбеталиева.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь