Кумтөр иши: Өкмөттүн ЖКдагы мурдагы өкүлү Динара Молдошева чет жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

154

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековго, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага “Кумтөр иши” боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кылмыш иши козголгондордун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев жана Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчөктү камакка алынган. Динара Молдошева үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.

Динара Молдошева 27-майда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь