«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Дашков кайрадан камакка алынды

91

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков кайрадан камакка алынды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери «Кыргыз темир жолу» ишканасынан бюджеттик акчаларды чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы аныкташкан.

Тактап айтканда, Дашков 2020-жылы май айынан декабрь айына чейин товар жана материалдык баалуулуктарды сатып алуу үчүн деген шылтоо менен аффилирленген жеке менчик компанияларга 1,1 млрд сом которгон.

Ушул жылы 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Дашковдун баш коргоо чарасын карап, келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттендирип, үй камагына чыгарган.

Бирок Дашков ушул күнгө чейин келтирилген зыянды төлөп берүүгө аракет көргөн эмес.

Андан тышкары сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Дашковдун «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы бюджеттик акчаларга мыйзамсыз ээ болгондугу боюнча кошумча факттар аныкталган.

Такталгандай, ушул жылы январь айынан апрель айына чейин ишканадан 490 млн сом чыгарылып кеткен. Муну менен келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1,5 млрд сомду түздү.

Ага байланыштуу Дашков кечээ, 8-июнда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь