«Мен ал адам менен дайыма жолугуп турчумун”. Турганбаев Инанды менен жолукканын тастыктады

115

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев бүгүн, 9-июнда АКИpress агенттигине дайынсыз жоголгон Орхан Инанды менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди.

Буга чейин жактоочу Таалайкүл Токтакунова изделип жаткан Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолукканын билдирген.

Турганбаев Инанды менен жолукканын тастыктады. Өзүнүн айтымында, эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти менен 20 жылдан ашык убакыттан бери тааныш.

«Мен ал адам менен дайыма жолугуп турчумун. Орханды баары тааныйт, анткени ал билим берүү тармагында №1 болчу»», – деди Турганбаев.

Ал Инанды дайынсыз жоголгон күнү аны менен билим берүү тармагындагы бизнес-идеясы тууралуу сүйлөшүү үчүн жолукканын айтты. Алар Инандынын үйүнүн жанындагы кофейняда жолугушкан.

«Ал жардам берерин айткан. Биз 30 мүнөт сүйлөшкөндөн кийин тарап кеткенбиз. Орхан өзүн адаттагыдай эле алып жүргөн, коркутуулар болуп жатканын айткан эмес», – деди Турганбаев.

Ал Кыргызстанда Инандынын душмандары жок болгонун айтты.

«Мен аны ынак адам катары билем. Жакшы жагынан гана тааныйм. Табылат деп ишенем», – деди Турганбаев.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Бүгүнкүгө чейин анын кайда экени белгисиз.

Орхан Инандынын жоголушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Бишкек шаарында «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү менен мугалимдери, ошондой эле окуучулар менен алардын ата-энелери күн сайын митингге чыгып жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь