Кырызгидрометеорология агенттигинин 11-июнга карата аба ырайы тууралуу маалыматы:
Дээрлик бардык облустардын айрым жерлеринде, тоолордо өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
Талас дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11°.
Бишкек шаарында өткүн өтөт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31°.