Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду..
Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Чечүүчү күрөштө анын атаандашы канадалык Анна Паула Годинез Гонсалес болду. Кыргызстандык балбан кыз 7: 1 эсеби менен жеңишке жетти.