Бүгүн, 11-июнда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери запастагы офицерлерди чыгарды. Ички аскерлердин күжүрмөн даярдык планынын негизинде 10-майдан 10-июнга чейин жыйын өткөрүлгөн, деп билдирди басма сөз кызматы.

Акырында жогорку билими бар жоокерлер негизги алты сабактан сынак тапшырып, анын жыйынтыгы менен биринчи офицердик наамга ээ болушту. Алар тактикалык, ок атуу, физикалык, саптык, инженердик даярдык жана жалпы аскердик уставдарды, мыйзамдарды үйрөнгөн.

Бүгүнкү салтанатта Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары, полковник Кумарбек Калматаев сертификат тапшырып, сертификат ээлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн катарында кызмат кылуу укугуна ээ болушту

Запастагы офицерлер жыйыны Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы №43 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматы» мыйзамынын жана Ички аскерлеринин күжүрмөн даярдык планынын негизинде өткөрүлдү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: