Ири өлчөмдө баңгизат ташып саткандар кармалды

113

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү ооган баңгизатын ташып, саткандарды аныктады, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

9-июнь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен 1992-жылы туулган И.Ж. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды (таңгагы менен) түзгөн таңгакталган 10 даана ооган гашиш табылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь