9-июнда милициянын полковниги кабинетинде 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Шектүү — ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү У.Э.К. козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн айыпталуучудан пара опузалаган.
Аталган факт боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара опузалоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.