Ош—Бишкек унаа жолунда катталган кырсыктан алты адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалым болгондой, кырсык унаа жолдун Ноокен районунун Достук айыл аймагына караштуу Ууру-Жар айылынын аймагында катталган.
«Жол-транспорт кырсыгы бүгүн, 12-июнда саат 06:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун Ууру-Жар айылындагы аймагында катталды. Анда «Хонда Одисей» үлгүсүндөгү унаа «КамАЗ» менен сүзүшүп, 6 адам окуя болгон жерде каза болду», – деди окуянын күбөсү.
Видео: “Турмуш кж”