Чүйдө электробустар өндүрүлө баштайт (Сүрөт)

170

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы 2019-жылдын соңунан тарта токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь