Жергиликтүү тургундар Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маңдайында жайгашкан сойкуканага нааразы болуушуда. Бул тууралуу алар  Kaktus.mediaнын редакциясына билдиришкен

Маалыматка ылайык, алардын үйүнүн маңдайында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын имараты жайгашкан, ал эми сойкукананын терезелери милициянын имаратын карап турат.

“Биз 2017-жылдан бери өз үйүбүздө сойкулук менен күрөшүп келе жатабыз. ИИМге, салык органдарына жана Бишкек шаарынын мэриясына бир нече жолу арыздар менен кайрылдык. Чиновниктер текшере башташты, бирок маселе чечилген жок. Сойкуканалар дагы деле иштеп жатышат”, – дейт тургундар.

Тургундар белгилегендей, акыркы жолу өздөрү рейд уюштуруп, сойкуканадан бир кардар менен кызды кармашкан, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.  Милиция  келип, эч кандай чара көргөн эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: