Ошто “Ата Журт-Кыргызстан” партиясы 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген кайра шайлоодо, админресурс колдонуп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактагы “Мекеним Ош” фейсбук баракчасында айтылды.

Маалыматка ылайык, “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Эргешов Бекмырза жумушчу топтору менен өзбек кварталдарындагы  жөө жүргүнчүлөр өтүүчү асфальттардагы “зебраларды” бойогонго киришип кеткен.

“Ошто “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Эргешов Бекмырза жумушчу топтору менен буга чейин өңү тозгон өзбек кварталдарындагы асфальттардагы “зебраларды” боёп жүрөт. Ал эми БШКнын мыйзамына ылайык 2021-жылдын 11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоонун үгүт иштери 21-июнда башталат. “Ата Журт-Кыргызстан” партиясы шайлоого үгүт иштери башталбай жатып, админресурс колдонуп жатат.  Тиешелүү тараптар бул окуяга көңүл бурат деген ишеничтебиз!”, -деп жазылат текстте.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын үч шаарында административдик ресурстардын колдонулушуна  байланыштуу шайлоо жокко чыгарылып, жергиликтүү кеңештерге кайталап шайлоо өткөрүү пландаштырылган. Ал эми БШК маалымдагандай 2021-жылдын 11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоонун үгүт иштери 21-июнда башталышы керек. 

Мындан тышкары буга чейин “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынан талапкерлигин көрсөткөн Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тымызын үгүт иштерин баштаганы белгилүү болуп, ал үштүк борбордун активдүү жашоочуларын чогултуп, алар менен жолугушууларды өткөрүп, тамак-аш менен сыйлап, алдыдагы пландары жөнүндө бөлүшкөнү тууралуу айтылган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: