“Роддомдон баламды эмес, пакетимди көтөрүп чыктым”. Төрөтканада наристесинен айрылган эне акыйкаттык издейт (Сүрөт)

389

Жумгал районунун Чаек айлынын тургуну Гүлшайыр Арпачиева Бишкектеги №6 төрөт үйүндө жан берген наристесинин өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөйт. Анын айтымында дарыгердин кайдыгерлигинен жаңы төрөлгөн ымыркайы жан берген. Бул тууралуу ал, “Элдик Медиа” маалымат агенттигине акыйкаттык издеп кайрылганын билдирди.

Гүлшайыр Арпачиева буга чейинки төрөттөрү оор болгондуктан, алдын алуу максатында Жумгал районунун Чаек айлында учётто караган Бегай Апселовага пландаган кесарево жолу менен төрөөгө жөнөтүүнү суранган:

“Буга чейин төрөлгөн баламдын башы төрөт учурунда кысылып, больницалап көп жүргөнүмдөн, бул жолку наристемди ден-соолугу бек болушун Кудайыман тилеп, 9 ай бою врачтын көзөмөлүндө болдум. Репродукцияга барып, улам скринингден өтүп, анализ тапшырып генетиктин кеңештерин алып, бала таптаза деген тыянагын алып чыктым. Кандай болсо дагы бала төрөт учурунда трамва албасын деп Жумгал районунун Чаек айлында учётто караган Бегай Апселовага пландаган кесаровага жөтөтүүнү сурандым. Ай, күнүм жакындаганда Бегай Апселова берген Бишкек шаарынын 6-роддомуна жолдомону алып келип учётко турайын десем, жолдомого шалаакы врач атымды туура эмес жазып бериптир. Кайра берген направленияда кесарово эмес, өзү төрөйт деп жазган экен”, -дейт Арпачиева.

Мындан тышкары, врач Гулнур Атокозуева май айында дагы бир наристенин өлүмүнө, ал эми бир, эки жыл мурун эненин өлүмүнө себепчи болгондугун жана  мурунку чарчап калган наристе боюнча сотто иши каралып жатканы маалым болгон. 

“9 ай сыздап көтөргөн сопсоо баламды, төрөткөн врач Гулнур Атокозуева бир саатка жетпей майып кылып, өмүрү менен коштоштуруп койду. Роддомдон баламды эмес, пакетимди көтөрүп чыктым. Буга чейин врач Гулнур Атокозуева май айында дагы бир наристенин өлүмүнө, ал эми бир, эки жыл мурун эненин өлүмүнө себепчи болгон экен. Бизден мурунку чарчап калган наристе боюнча сотто иши каралып жатканын билдик. Бирок, ал аял үчүн бул окуялар иште боло берчү нерселер, болбосо, алдыбызга баары Кудайдын колунда экен деп башын ийип коймок”. 

Наристесинен айрылган эне, окуянын андан ары кандайча уланганын айтып берип, дарыгерлердин орой мамилеси качанкыга чейин улана берерине бушайман болду.

“6-роддомдо кабыл алуу бөлүмүндө Айнура Касымова деген врачка пландалган кесерова жасабасам, мурунку төрөттөрүм өтө оор болуп, балдарыма зыяны тийген дедим. Ал сөзүмдү, уккусу да келген жок, орой гана мени кагып, силкип өзүң төрөйсүң деп шаша-буша чыгарып жиберди. Бир жумадан кийин суум кетип, саат 7:00до 6-раддомго келип туштум. Врачтар баары жайында экенин, шейка 9 палецке ачылганын, мүнөт сайын толгоо келе баштаганын байкашты. Бирок, шейкам ачылганы менен төрөй албай кыйналганымдан кесерова кылып берүүсүн, көз жаш менен сурап жаттым. Гулнур Атокозуева болсо, сен жаагыңды жапчы дегенден башка сөз айтпады. Эс-учум жоголгондо суудан утур алып келип чачып жатышты. Таңдан бери суум толук кетип калды деген сөздү угуп да коюшкан жок. Бир маалда үстүмө отуруп алып, экөөлөп баланы сыгып атышып, баланы суум жок кургак сыгып алышты. Бала ыйлабай төрөлүп, дароо реанимацияга алып кетишти.  Гулнурдун айтымында баланын далы киндигине оролуп, бала чыга албай кыйналган, бирок менин баламдын далы эмес, башы жанчылып, каробкадагы айрандай эле былжырап калган экен. Баланын далысынан мурун башы чыгат да, менин баламдын башы уруна берип, сыга берип, жанчылып калган. Салмагы чоң 4,400 кг наристени сыкпай эле, дароо кесарова менен алып койсо болот беле??? Неонотологдор «тяжелая асфиксия» деген диогноз коюп, кызым болгону 1,5 күн жашады. Баламдын башын кармасам көлкүлдөйт.
Эми Айткозуева келип, сен семиз экенсиң, сен сахар экенсиң деп күнөөнү мага коюп отурат. Менден толуктар эсен-соо төрөп жатышпайбы? Баланы экпертизага берели дейт, өзү кыйналып, төрөлүп, өлгөн баланын дагы кыйнап кереги барбы? Баланы учурунда эле кесерова менен ала койгондо, эмчегим азыр зыркырабайт эле… Мындай врачтар качанкыга чейин адамдын өмүрүн алат же колдоочум күчтүү деп иштей беришеби???”.

Окуя тууралуу тиешелүү тараптарга байланышуудабыз.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь