Ушул жылдын апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев бүгүнкү брифингде билдирди.
Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү жогорулаган.
«Пандемия башталгандан бери, коронавирустук инфекциянын эки толкуну 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында катталды. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, үчүнчү толкун байкалууда«, — деди Рахматуллаев .
Ошондой эле Рахматуллаев коронавирустун катталган британ, түштүк-африка, индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгиледи.