Президенттик администрация кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эл аралык сотко кайрылган юристтердин демилгеси боюнча комментарий берди

122

Президенттин администрациясы 28-30-апрелдеги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесине комментарий берди.

ПРезиденттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат.

Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.
Азыркы учурда чек ара маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн.

Буга чейин юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты кароо боюнча жообун жарыялаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь