Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 15-июндан 16-июнга караган түнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында “Subaru Legacy” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсык болгон жерде эки адам 1992-жылы туулган Р.К. жана 2002-жылы туулган К.уулу Ю каза болушкан. Куткаруучулар келгенге чейин маркумдардын сөөгүн Ички иштер министрлиги алып кетишкен.
Ал жерге 4 куткаруучу тартылган.
Сүрөттөргө караганда, унаа оодарылып, жолдон чыгып кеткенден кийин, ал бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаа экиге бөлүнүп калган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram