Үгүт иштери  баштала элек жатып, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялардын талапкерлерине карата арыздар түшүүдө. Кызыгы алардын көпчүлүгү “Ата Журт-Кыргызстан” партиясына тиешелүү.

Ош шаардык кеңешине болгон кайрадан шайлоодо тогуз партия ат салышып жатканы маалым. Алар  Ата Журт Кыргызстан, Улуттар Биримдиги, Бүтүн Кыргызстан, Ишеним, Бир Бол, Ыйман Нуру, Ынтымак, Улуу журт  жана  Республика”.  Партиялар жалпы 702 талапкерин көрсөттү. Ал эми Ош шаардык кеңешинде 45 мандат бар.

“Ата Журт Кыргызстан” партиясынын үстүнөн келип түшкөн арыз БШКнын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна жиберилген. Анда “Ош шаар суу канал” ишканасынын башчысынын орун басары Талант Бийкишиев 5 миң сомду “Манас Ата” аймактык башкармалыгын үй башчыларына (домкомдоруна) таратканы айтылган. Арыз ээсинин айтымында, акчаны Өктөм аттуу райондук комитеттин төрагасы жана Жыргал аттуу үй комитетинин өкүлү алган.

Учурда бул факт Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына жөнөтүлдү. Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочуларга пара берүү” беренеси боюнча башталды.

Үгүт иштери кийинки жумада гана башталууга тийиш экендигине карабастан, “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү расмий башталышын күтпөстөн, шайлоо алдындагы үгүт иштерин башташты. Кечээ жакында эле, “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын талапкери Бекмырза Эргешевдин үстүнөн БШКнын Ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна арыз келип түшкөн.

Буга чейин белгисиз аял шаарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери үчүн Бекмырза аттуу жаранга ыраазычылыгын билдирген видео соцтармактарда тарап, видео ээси ишти депутаттыкка талапкер Эргешев жүргүзүп жатканын кабарлаган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ЖАНЫЛЫКТАР ПОРТАЛЫ 🇰🇬 (@eldik.media)

Натыйжада мандатка талапкердин аракеттери видеонун автору тарабынан шайлоочулардын пара алуусу катары квалификацияланган.

Учурда маалымат Ички иштер министрлигине текшерүү үчүн берилди.

Ошондой эле, буга чейин саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Оштогу болуп өткөн шайлоолордо ( 11-апрель) админресурс колдонулган болсо, кайрадан шайлоо өнөктүктөрүндө дагы ушундай көрүнүш кайталанабы деген суроо жаралбай койбостугун билдирген болчу.

Анд ал, Ош шарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин  жоопкерчилигине токтолуп, эгерде мэр жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо административдик ресурсту колдонууга салым кошкону же катышкандыгы далилденсе, анда бул кылмыш иши катары бааланып, ири өлчөмдө айып пул салынып же эркинен ажыратыларын белгилеген.

Мындан тышкары, “Улуу Журт” партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев шайлоодо болгон мыйзам бузууларга, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында  жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо 11-июлда өтөт. АШК 20-июнда кайсы саясий уюмдар катталганын жарыялайт. Үгүт иштери 21-июнда башталып, 10-июль саат 8:00гө чейин уланат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: