Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чараларын өзгөрттү.

Бүгүн, 17-июнда АКИpress агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Узакбаев менен Баатырбеков үй камагына чыгышты.

Мындай чечим 15-июнда кабыл алынган.

Узакбаев менен Баатырбеков Кумтөр кениндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине шектелип кармалып, УКМКнын абагына камакка алынышкан.

Узакбаев 31-майда, Баатырбеков 9-июнда кармалган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: