Бүгүн, 18-июнга караган сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 653 бейтап коронавирус менен катталды:
– Бишкек шаарында — 269 адам;
– Чүй облусунда — 116 адам;
– Ош облусунда — 74 адам;
– Ош шаарында — 73 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 69 адам;
– Баткен облусунда — 32 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 15 адам;
– Талас облусунда — 5 адам.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 113 430 адам коронавирус жана пневмония менен каттоого алынды.
Акыркы суткада ооруканадагы 4 бейтап көз жумду.