Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 1978 адам коронавируска каршы эмделди. Анын ичинен 1685 адам экинчи жолу эмделгенин бүгүн, 18-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Муну менен өлкөдө жалпы 91 миң 545 адам эмдөөдөн өттү. Алардын арасынан 66 миң 478 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.
Облус-шаарларда эмделген адамдардын саны:
– Бишкек шаарында — 21 миң 830 адам;
– Чүй облусунда — 16 миң 36 адам;
– Ош облусунда — 12 миң 147 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 12 миң 6 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 8 348 адам;
– Ош шаарында — 7 743 адам;
– Талас облусунда — 4 508 адам;
– Нарын облусунда — 4 654 адам;
– Баткен облусунда — 4 273 адам.