Ошто алты саясий партиянын өкүлдөрү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушбак Ниязбековго “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына ат салышкан талапкерлерин кайрадан каттоого албоону талап кылышып кайрылуу жолдошту.
Кайрылууда шайлоону жокко чыгарылышынын негизги күнөөкөрлөр, кайрадан шайлоо өнөктүгүнө катышууга аракет жасап жасап жатканы жана мыйзамга ылайык шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эместиги айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин “Бир бол”, “Улуу Журт”, , “Улуттар биримдиги элдик партиясы”, “Республика” жана “Бүтүн Кыргызстан”, “Тилектештик” саясий партиялары, 2021-жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгү эң ыплас, өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуулар менен өткөндүгүн баса белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүү тараткан.
Төмөндө кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилет:
“Ош аймактык шайлоо
комиссиясынын төрагасы
Ниязбеков К.М.
Урматтуу Кушбак Мамашевич!
Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан
Төмөндөгү партиялар: “Бир бол”, “Улуу Журт”, , “Улуттар биримдиги элдик партиясы”, “Республика” жана “Бүтүн Кыргызстан”, “Тилектештик” саясий партиялары, өткөн 2021-жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгү эң ыплас, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуулар менен өткөндүгүн баса белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүү тараткан.
Аталган маселе Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан каралып, 2021-жылдын 11-майындагы № 196 токтому менен Ош шаарындагы жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып адилеттүү чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык 2021-жылдын 11 июлунда Ош шаардык Кенешине кайра шайлоону дайындаган.
Бирок бүгүнкү күндө, бизге жеткен маалыматтарга караганда, 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо мыйзамдарды одоно бузуп, шайлоону жокко чыгарылышынын негизги күнөөкөрлөр, кайрадан шайлоо өнөктүгүнө катышууга аракет жасап жатышат.
“Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2- пунктунда “Шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес ”,-деп жазылган.
Ошондуктан, жогорудагыларды эске алып жана аталган мыйзамдын талаптарынын негизинде “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына ат салышкан төмөндөгү талапкерлерди кайрадан каттоого албоону талап кылабыз жана адилеттүү чечим чыгарат деп ишенебиз:
№ | № УШК | Фамилиясы, аты-жънү |
1. | 5325 | Исмаилов Нурбек Даткабаевич |
2. | 5295, 5296 | Арзибаев Бекболот Осконбаевич |
3. | 5301 | Турсунбаева Бахтияр Нематжановна |
5294 | Жунусов Темирбек Арстанбекович | |
5309, 5310, 5311 | Кокочоров Долатбек Курманбекович | |
5284, 5283 | Бакир уулу Шахназар | |
5312,5289 | Джусупов Мелис Ромидинович | |
5281 | Атабаев Мирлан Даниярбекович | |
5308 | Азимов Жасур Махмудович | |
|
5278 | Джунусбаев Сонунбек Калмаматович |
|
5319 | Маматов Мирбек Акжигитович |
5905, 5276 | Жолдошбаев Бакай Сагынбаевич | |
5904 | Эргешов Бекмурза Аскарбаевич | |
5279 | Баетов Болотбек Талайбекович | |
5271 | Иминджанов Алмазбек Шокирович | |
5285 | Ибрагимов Саипжан Мажитович | |
5290 | Муратов Назарбек Абдималикович | |
5306 | Сатыев Суйорбек Асанбекович |
”