“Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда Казакстандын жумурткалары артка кайтарылды (Видео, сүрөт)

303

Товарлар белгиленген санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, Казакстандын жумурткалары артка кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-июнда “Ак-Тилек” кыргыз-казак чек арасынын өткөрмө пунктунда көзөмөл инспекторлору мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) текшерүү учурунда,  ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык эрежелеринин бузулушун аныкташкан.

Текшерүү учурунда 302 400 даана жумуртканын эч кандай маркировкасы жана этикеткалары жоктугу, ошондой эле ташуу учурунда ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги белгиленди.

Жумуртка Казакстандан Самат жана Компани ЖЧКсынан ташылып келинген.

Ак-Тилек өткөрмө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү кайтаруу актылары түзүлүп, жүк Казакстан Республикасына кайтарылып берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь