Бишкекке Өзбекстандан 50 автобус алынып келди (Сүрөт)

94

Бишкек шаарына Өзбекстандан 50 «Isuzu» автобусу алынып келди. Бул биринчи партиясы экенин мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов радионун эфиринде билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкекте 100 чакты автобус жана 140 троллейбус бар.

«Бул абдан аз. Коомдук транспорт менен толук камсыздоо үчүн 1000 чакты автобус жана троллейбус керек», – деди Кудайбергенов.

Мэриянын бюджети автобустарды сатып алууга каражат бөлө албайт. Мындан улам инвестиция тартылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь