Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

114

Кыргызстандык Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кубанычбекова жолдомону кыз-келиндер арасында пневматикалык мылтыктан 10 метрге ок атуу боюнча өткөрүлгөн бардык оффлайн жана ойлайн форматта уюштурулган эл аралык мелдештер бүткөндөн кийин алды.

Кубанычбекова жогорудагы эл аралык мелдештерге катышып, жетиштүү квалификациялык талаптарды аткара алган.

Кубанычбекова 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогунун ээси. 2021-жылдагы Кыргызстандын кубогунун жадыбалында сап башында келе жатат.

Кубанычбекова Кыргызстандын атынан Токиодогу Олимпиада оюндарына катыша турган он төртүнчү спортчу. Ага чейин жолдомону Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов,Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев (грек-рим жана эркин күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика, марафон чуркоо), Роман Петров (фехтование) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү) жеңген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь