Эки жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 34 жаштагы Тахмина Турсункулова Кемин районундагы туугандарынын үйүнөн аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ал Сокулук РИИБи тарабынан изделип жаткандыгы маалымдалган. Ал 9-июнда Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.