Бүгүн, 24-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 822 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды.
Алар:
– Бишкек шаарында 300 адам;
– Чүй облусунда 207 адам;
– Ош облусунда 93 адам;
– Жалал-Абад облусунда 80 адам;
– Ош шаарында 70 адам;
– Баткен облусунда 42 адам;
– Ысык-Көл облусунда 20 адам;
– Талас облусунда 9 адам;
– Нарын облусунда 1 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 118 106 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада өлкөдө 5 бейтап көз жумду.