Ошто милициянын кайгуул кызматынын туристтик сезонго даярдыгы текшерилди (Сүрөт)

93

ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн туристтик сезонго даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча МККБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, Ош шаарынын борбордук аянтында Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн өздүк курамынын катышуусунда саптык кароо өткөрдү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө, 2021-жайкы туристтик сезон ачылгандыгына байланыштуу, туристтик мезгилде Ош шаарынын аймагына жарандардын жана келген туристтердин коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир катар маселелерге токтолуп, МККБнын туристтик взводунун даярдыгын текшерди. Жолугушууда министридин орун басары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналарын билдирди.

“Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты-жайкы туристтик мезгил учурунда өлкөбүздүн жалпы аймагында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Ошондуктан, жайкы туристтик сезон учурунда коомдук жайларда, эс алуучу жана ден соолукту чыӊдоочу жайларда коомдук тартипти жеткиликтүү деӊгээлде камсыздап, жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ар түрдүү кылмыштарга жана криминалдык окуяларга кириптер болуусун алдын алуу керектигин баса белгилегим келет. Аны менен бирге эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарына жол бербөө үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууӊарды талап кылам”,-деди өз сөзүндө Октябрь Жолдошевич.

2021-жылдын жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2021-жылдын 14-майында ИИМдин №247-т тескемеси чыгарылып, зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын аймагында туристтердин коопсуздугу үчүн шаардын унаа жолдорунда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары эс алуу жайларында Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгулдоо каттамдары иштелип чыкты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь