Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.