Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады

76

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

“Сиздин бай тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз монгол элинен чексиз колдоо таап, дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу сыйлоосуна жана урматына ээ болдуңуз. Сиз терең билимиңиз жана саясий тажрыйбаңыз менен Монголиянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенем.

Кыргыз-монгол эки тараптуу байланыштарын тереңдетүү үчүн бизде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Монголия менен достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар деп баса белгилейм”, – деп айтылат куттуктоо-телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухка чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми ынак достук мамиледеги Монголия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь