Президент он бир чет өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды (Сүрөт)

88

Президент Садыр Жапаров 24-июнда 11 өлкөнүн элчилери менен жолугушту, деп билдирди басма сөз кызматы. Анда Корея Республикасы, Кипр, Хорватия, Нидерланд Королдугу, Сауд Арабиясы, Дания, Бириккен Араб Эмираттары, Бангладеш Эл Республикасы, Литва, Финляндия жана Франция Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.

«Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын башталышы менен куттуктап, алардын кесипкөй тажрыйбалары өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын жогоруда аталган өлкөлөр менен саясий диалогду жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент элчилердин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган демилгелерин толугу менен колдоого даяр экенин баса белгилеп, аларды натыйжалуу иш жүргүзүүгө, анын ичинде инвестициялык кызматташтыкты, өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалогду активдештирүүгө чакырды.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн ачык жана эки жакка тең пайдалуу боло турган долбоорлорду талкуулоого даяр экенин айтып, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.

Президент элчилерден эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталган натыйжалуу ишине ишеним артты.

Элчилер өз кезегинде кыргыз тарап менен жемиштүү иштешүүгө даяр экенин жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө аларга коюлган бардык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жатканын белгилешти.

Алар тажрыйбалары менен билимин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багыттайбыз деп ишендиришти.

Мындан тышкары, айрым элчилер Кыргызстандын экономикасына, атап айтканда, гидроэнергетика, санариптештирүү жана башка тармактарга инвестиция салууга кызыкдар экенин билдиришти. Алар мамлекет башчысына каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык айтып, өз ишмердиктеринде эки элдин жыргалчылыгы үчүн жүктөлгөн милдеттерин аткарууга өзгөчө көңүл бура тургандыктарын баса белгилешти.

Президент Садыр Жапаров дипломаттарды жогорку кызматка дайындалышы менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы иштерине ийгиликтерди каалады», – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь