Коронавирустан 7 бейтап каза болду

104

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен дагы 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, экөө Чүйдө жана Жалал-Абадда бирөө катталды.

Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 971 кишини түздү. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган 741, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган 1 миң 230.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь